Казакстанда жолдогу кемчиликтерди көрсөткөн санарип карта пайда болот.
Долбоорду КазАвтоЖол тааныштырды. Мисалы, эми белгилүү бир участоктордогу жол
кырсыктарынын жыштыгы, чуңкурлардын көлөмү, жада калса кышында түшкөн кардын
көлөмү тууралуу маалымат бир жерге чогултулат. Бул адистерге келип чыккан
маселени талдоого жана аларды өз убагында жоюуга мүмкүндүк берет. Санарип
картанын тестирлөө режиминде 7 ай иштеди, ушул аралыкта курулуш материалдарына
жумшалган чыгымдарды кыскартуу мүмкүн экени аныкталды. Азырынча маалыматтар
чогултулуп, системага жүктөлүүдө, келечекте бул процессти жасалма интеллекттин
жардамы менен толук автоматташтыруу пландаштырылууда.
Сырым Хамзин, «Казавтожол» УК башкарма төрагасынын орун басары:
- Мурда өлчөө иштерин жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлчү. Адам чуңкурлардын көлөмүн так өлчөй албашы мүмкүн. Максат - адам факторун алып салуу. Экинчиден, кемчиликтердин так көлөмүн аныктоо. Эгер мурда, мисалы, материалдардын чыгымы 1000 чарчы метрге керек болсо, азыр сандык картанын жардамы менен так чыгым 800 чарчы метрге керек болушу мүмкүн. Ошентип, чыгымдарды азайтып, ыкчам чараларды көрөбүз жана ошол кемчиликтерди дыкат жоюу мүмкүнчүлүгү болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

