Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстандын президенттери

Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстан энергетикалык системаларды интеграциялайт. СOP-29 дүйнөлүк климаттык саммитинин алкагында үч өлкөнүн башчылары стратегиялык келишимге кол коюшту. Макулдашуу мамлекеттердин жашыл энергияны өндүрүүгө жана өткөрүп берүүгө багытталган биргелешкен аракеттерин камтыйт. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, бул окуя жалпы туруктуу өнүгүүгө умтулуунун тарыхынын жаңы барагын ачат.  

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Републикасынын президенти: 

 - Документ биздин мамлекеттердин энергетикалык системаларын интеграциялоо, ошондой эле Европа жана башка рынокторго экологиялык таза энергияны жеткирүүнүн ишенимдүү коридорлорун түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Казакстан бул жерде ири транзиттик аймак катары өтө маанилүү ролду ойнойт. Бул келишимдин практикалык натыйжалары орто коридорду экономикабызды бириктирген "жашыл көпүрө" катары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. 

Казакстан президентинин айтымында, кызматташтык тажрыйба жана алдыңкы технологиялар менен алмашууну активдештирип, өлкөлөрдүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого шарт түзөт. Азербайжандын башчысы, өз кезегинде, макулдашуу үч Республиканын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жаңы баскычка алып чыгарын баса белгиледи. Ал эми Өзбекстандын президенти бул аракет келечекке биргелешкен салым кошоорун атап өттү. 

Ильхам Алиев, Азербайжан Республикасынын президенти: 

- Борбордук Азия жана Кавказ региондору көптөгөн маселелерде, анын ичинде "жашыл" энергияны өнүктүрүү чөйрөсүндө да бирдиктүү иш алып барууда. Биз Өзбекстан менен Казакстанда кайра жанма энергия булактарын түзүү боюнча жетишилген чоң пландар жана жыйынтыктар тууралуу билебиз. 

Шавкат Мирзиеев, Өзбекстан Республикасынын президенти: 

- Бул долбоордун экологиялык маанилүүлүгүн өзгөчө белгилей кетейин. Өткөрулүп туруучу энергия – шамал жана күн энергиясы климатка тийгизген таасирин азайтууга мүмкүндүк берет. Муну менен биз Париж келишиминин алкагында климатты коргоо жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча биргелешкен аракеттерди колдойбуз. 

Ошондой эле мамлекет башчыларынын катышуусунда Казакстандын, Азербайжандын, Өзбекстандын жана Сауд Аравиясынын энергетика министрлери жашыл энергияны өнүктүрүү жана берүү жаатында кызматташуу жөнүндө аткаруучу программага кол коюшту. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков