Казакстан менен Кыргызстан 65 миллион долларлык жаңы соода келишимдерине кол койду

Казакстан менен Кыргызстан 65 миллион долларлык жаңы соода келишимдерине кол койду

Жакын арада Казакстан менен Кыргызстандын чек арасына жакын аймактарда өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү пландалууда. Бул тууралуу казак-кыргыз өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынында айтылды. Комплекс жаңы биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга салым кошот. Жалпысынан бул эки мамлекеттин башчыларынын товар жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасын ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Буга байланыштуу өз ара байланыш тынымсыз өсүп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Өткөн жылы соода көлөмү 19%га өсүп, 1,3 миллиард долларга жеткен. Быйылкы жылы да оң динамика байкалат. 7 айда товар жүгүртүү 13%га өсүп, 757 миллион ​​долларды түздү. Соода-экономикалык мамилелер менен катар тараптардын ортосундагы кызматташтык транзит, транспорт, коммуникация, туризм жана маданият тармагында өнүгүп жатат. Айрыкча өнөр жай кооперациясын, айыл чарбасын, экология менен сууну сарамжалдуу пайдалануу жана аталган аймактарды санариптештирүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
-Келечекте жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, алардын чөйрөсүн кеңейтүүнү көздөп жатабыз. Жалпысынан Казакстан менен Кыргызстандын бардык багыттар боюнча кызматташууга чоң дарамети  бар. Буга бүгүн кол коюлган жалпы баасы 65 миллион долларды түзгөн түрдүү тармактар ​​боюнча коммерциялык документтер далил. Бүгүнкү форум өз ара пайдалуу райондор аралык жана чек аралык кызматташуунун жаңы аспектилерин ачып, жаңы демилгелерге түрткү берет деп ишенем.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков