Казакстанда 38,6 триллион теңгеге 64 инвестициялык долбоор ишке ашырылат

Казакстанда 38,6 триллион теңгеге 64 инвестициялык долбоор ишке ашырылат

«Самрук-Казына» 38 миллиард доллардан ашык 64 долбоорду ишке ашырат. Алардын көпчүлүгүндө курулуш-монтаждоо иштери башталган. Атап айтканда республиканын түштүгүндө жана түндүгүндө эки ири шамал электр станциясын куруу бар. Бул тууралуу Премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында Фонддун мүдүрлөр кеңешинин жыйынында белгилүү болду. Жолугушууда ошондой эле «Бейнеу-Бозой-Шымкент» газ куурунун экинчи линиясын куруу жана Атырау облусунда көмүртектүү чийки затты терең кайра иштетүү тармагында өндүрүш үчүн атайын экономикалык аймакты түзүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, биринчи кварталда «Самрук-Казына» маанилүү келишимдерге кол койду - анын ичинде Казакстандын жана Азербайжандын портторунда түбүн тереңдетүү иштерин жүргүзүү долбоору боюнча. Отурумдун жыйынтыгында Премьер-министр долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөттөрүнө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле бул процессте жергиликтүү мазмундун үлүшүн көбөйтүү милдети коюлду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков