Казакстандын
алыскы суу каптаган аймактарына гуманитардык жардам эми дрондор
менен жеткирилет. Бул максатта АКШдан 3 учкучсуз учуучу аппарат атайын алынып
келинди. Алар 40 кг жүктү көтөрүп, күнүнө 100 жолу учуп-коно алат. Атырауга келген чет
элдик адистер өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен
биргеликте азык-түлүк, дары-дармек жана башка керектүү буюмдарды тез арада
жеткирүүгө даярданып жатат. Белгилей
кетсек, дрондорду колдонуу өзгөчө кырдаалдар адистеринин жана ыктыярчылардын
өмүрүнө болгон коркунучту азайтууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков