3 млн окуучу жайкы эс алуу менен камсыздалат

3 млн окуучу жайкы эс алуу менен камсыздалат

Быйыл 3 миллиондон ашык казакстандык окуучуну жайкы каникул менен камсыздоо мерчемделген. Балдардын эс алуусун кызыктуу өткөрүү максатында республика боюнча түрдүү ден соолукту чыңдоо жайлары даярдалды. Окуу-агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 11 миңден ашык лагерь кичинекей конокторду кабыл алууга даяр.

Алтай Рахимберлин, Окуу-агартуу министрлигинин башкарма башчысы:

- Балдар жана алардын ата-энелери үчүн жеткиликтүү ден соолукту чыңдоочу программалар, жайгаштыруу шарттары жана коопсуздук эрежелери тууралуу пайдалуу маалыматтар камтылган «Балдарга базарлык» жана «Коопсуз жай» маалыматтык пакети даярдалды. Муну менен катар, аймактарда 5 жаңы ден соолукту чыңдоочу борборун ачуу иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 2026-жылга чейин 50 жаңы борбор пайдаланууга берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен балдардын ден соолук борборлорунун тизмеси бекитилди. Быйыл биринчи жолу лагерлердин бардык түрлөрүнө бирдиктүү талаптар иштелип чыкты. Аларды кабыл алуу үчүн республикалык мониторинг тобу түзүлгөн. Кошумча билим берүүчү ыктыярчылар менен педагогдор тартылды.


Которгон: Илгиз Жамалбеков