Саясий реформалар өлкөнүн жаңы жүзүн калыптандырууда

Саясий реформалар өлкөнүн жаңы жүзүн калыптандырууда

Казакстан президентинин парламенттин Мажилисин таркатуу жөнүндөгү Жарлыгы – бийлик бутагын толук модернизациялоого багытталган кадамдардын бири. Мындай пикирин парламенттин 7-чакырылышынын депутаттары билдиришүүдө. Жаңы чакырылышта саясий туруктуулукту сактап, жаңы Казакстанды калыптандыруу маанилүү милдет.

Жулдыз Сүйлейманова, Парламент Мажилисинин VII чакырылышынын депутаты:

- Бул өлкөдө ишке ашырылып жаткан укуктук жана саясий реформанын логикалык уландысы. Биз элдин жүрөгүндө болдук, элдин үнүн бийликке жеткирдик. Өкмөткө жеткен үндүн негизинде көптөгөн социалдык, маданият, билим берүү тармагындагы көйгөйлөр  чечилүүдө. Бизде жалпы саясий процесси калыптанган. Учурда жасалып жаткан саясий реформалар казак улутунун жаңы жүзүн калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет деп ойлойбуз.

Айдос Сарым, Парламент Мажилисинин VII чакырылышынын депутаты:

- Шайлоого катышууну каалагандардын бардыгы катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан бул бардык депутаттар колдогон абдан маанилүү чечим деп ойлойм, азыр бир мандаттуу депутаттар бар. Башкача айтканда, кандайдыр бир себептерден улам саясий партияларды түзө алышпаса же аларга катышууну каалашпаса, округдардан шайлоого катыша алышат. Ал эми жетинчи чакырылыштагы Мажилис тарыхта калды деп айта алам. Азыр социалдык кодекстин талкуусуна жеттик. Алдыда жаңы чакырылыштын депутаттары бул маселелерди олуттуу карап, бекем дейт деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков