Казакстанда жаңы кластер түзүлөт

Казакстанда ири транспорттук-логистикалык кластер пайда болот. Ал Актау жана Курык портторунун аймагында курулат. Азыр Транспорт министрлиги аталган долбоорду ишке ашыруунун комплекстүү планын иштеп чыгууда. Максаты - өлкөнүн контейнердик ташуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, жүктү кайра жүктөө терминалдар кызматын жакшыртуу. Бул жаатта  «Курык» портундагы «Саржа»  көп функционалдуу деңиз терминалы өзгөчө мааниге ээ. Курулуш иштери уланып жаткан деңиз порту быйылкы жылы алгачкы жүктү кабыл алды. Терминалдын курулушу 2025-жылы аяктап, толук пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө. Беш жылдан кийин ал Транскаспий же «ортоңку коридор» деп аталган транзиттик багыттын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жылына 10 миллион тоннага көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Серепчилер Курык портунун транспорттук-логистикалык чынжырын модернизациялоо долбоору анын дүйнөлүк жүк ташуулардын маанилүү түйүнүнө айланышына түрткү берерине ишенишет.

Серик Ахметов, Курык портунун башкы мүдүрү:
- Азыркы геосаясий шарттарга байланыштуу ачык деңизге чыгуунун бирден-бир жолу “ортоңку коридор” деп эсептейбиз. Башкача айтканда, казак экспорту Курык порту аркылуу биринчи кезекте Кавказга, андан ары Азербайжан, Грузиядан өтүп, Кара деңизге жетет. Ал эми Кара деңизге чыгуу биздин өлкөгө дүйнөлүк логистикалык чынжыр менен жүк ташууга мүмкүндүк берет. Курык порту болсо бул негизги звенолордун бири. Биз жыл сайын жүк транзитинин масштабы кеңейип, багытынын  кыйла узарып жатканын көрүп жатабыз. Маселен, өткөн жылы ички жүк ташуулардын көлөмү 2 эсеге өстү. Биздин эсеп боюнча быйылкы жылы транспорт былтыркы көрсөткүчтөн 15-20%га көп болууга тийиш.

Жалпысынан 2030-жылга чейин Транскаспий эл аралык транспорттук багыты боюнча жүк агымын 5 эсеге көбөйтүү көздөлүүдө. Ошентип, жүк ташуу көлөмүнүн дарамети 20 миллион тоннага чейин жеткирилет. Ал эми Баку, Алят, Батуми, Поти, Актау жана анын ичинде Курык деңиз портторунун мүмкүнчүлүктөрү дагы 7 миллион тоннага жакын жүктү кайра багыттоого шарт түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков