Казакстан менен Өзбекстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылары боордош элдерге тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалап, келе жаткан Нооруз жаз майрамы менен куттукташты. Касым-Жомарт Токаев сүйлөшүүнүн жүрүшүндө стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине толугу менен шайкеш келген эки тараптуу кызматташтыктын жогорку өнүгүү ыргагын белгиледи. Тараптар союздук мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө эки тараптуу багытталгандыгын тастыкташты. Ошондой эле, алдыдагы жолугушуулардын графиги талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков