Казакстандын президентинин Нью-Йорктогу
жумушчу сапары БУУнун баш катчысы менен жолугушуу менен уланды. Касым-Жомарт
Токаев менен Антониу Гутерриш БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын күн
тартибин талкуулашты. Мамлекет башчысы Казакстандын БУУга колдоо көрсөтүүсүн
жана тынчтыкты чыңдоодогу борбордук ролун дагы бир жолу ырастады. Жолугушуунун
соңунда БУУнун Борбордук Азия жана Ооганстанды туруктуу өнүктүрүү максаттары
боюнча аймактык борборунун иштеши боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга
кол коюу менен жыйынтыкталды.
Касым-Жомарт
Токаев Черногория президенти менен жолугушту
БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында
Касым-Жомарт Токаев Черногория президенти Яков Милатович менен жолугушту.
Мамлекет башчысы Казакстан Черногорияны Балкан аймагындагы маанилүү өнөктөш
катары карай турганын баса белгиледи. Келерки жылы өлкөлөр дипломатиялык
мамилелердин 20 жылдыгын белгилешет. Алматы менен Подгорица ортосунда түз аба
каттамдарынын ачылышы, ошондой эле өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режимдин
киргизилиши эки элдин жакындашуусуна шарт түздү.
Мамлекет
башчысы Украинанын президенти менен жолугушту
Касым-Жомарт
Токаев Украинанын президенти менен да жолугушту. Владимир Зеленский Украинадагы
кырдаал боюнча пикирин билдирди. Казакстандын президенти жаңжалды токтотуунун
жолдорун издөө боюнча дипломатиялык аракеттер улантылышы керектигин белгиледи.
Мамлекет
башчы Европа кеңешинин төрагасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Казакстандын президенти Европа кеңешинин төрагасы Антонио
Коста менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей,
Казакстан Евробиримдик менен эки тараптуу жана С5+ диалогу аркылуу өнөктөштүктү
бекемдөөгө умтулат.
Мамлекет
башчы ФИФАнын президентин кабыл алды
Касым-Жомарт Токаев Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантино менен FIFA Arena программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. Мамлекет башчы федерацияга жаштар футболуна жана заманбап спорт инфраструктурасын түзүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Инфантино өз кезегинде федерация биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ынтызар экенин тастыктады.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

