Казакстан менен Финляндия 15 документке кол коюшту

Казакстан менен Финляндия  15 документке кол коюшту

Казакстан менен Финляндия эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин камтыган 15 документке кол коюшту. Макулдашуулар экология, суу ресурстарын башкаруу, илим, энергетика жана туризм тармактарында өнөктөштүктү өнүктүрүүнү карайт. Бул багыттар Акордада эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизги темалары болду. Александр Стубб Казакстанга расмий сапар менен келди. Мамлекет башчысы белгилегендей, Финляндиянын президентинин келиши эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жаңы дем берет.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Казакстан менен Финляндиянын ортосунда достуктун жана өз ара кызматташтыктын жакшы калыптанып калган салттары бар. Бизде чечилбеген маселелер жок, ошол эле учурда инвестиция жана соода тармактарындагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү колдонула элек. Мындан тышкары, биз гуманитардык байланыштарды жогорку деңгээлде колдойбуз.


Өз кезегинде Александр Стубб өлкөлөрдүн башка тармактарда да өз ара аракеттенүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.


Александр Стубб, Финляндиянын Президенти:


- Биринчиси – биздин эки тараптуу мамилелерибизди жана ишкердик кызматташтыгыбызды өнүктүрүү. Мени менен бирге 20дан ашык алдыңкы фин компанияларынын өкүлдөрү кирген чоң бизнес-делегация коштоп келди. Биздин сүйлөшүүлөрдүн экинчи багыты – тышкы саясат жана коопсуздук маселелери. Бизде жалпы кызыкчылыктар көп жана биз татаал маселелерди чечүүнүн жолун табууга умтулабыз.


Эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда сүйлөшүүлөр кеңейтилген форматта уланды. Касым-Жомарт Токаев Финляндия Түндүк Европадагы жана Европа Биримдигиндеги Казакстандын негизги соода өнөктөшү экенин баса белгиледи. Президент фин компанияларын өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн Борбор Азиянын кеңири рыногуна чыгуу үчүн активдүү пайдаланууга чакырды.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Казакстанда биз Финляндия менен достукка чоң маани беребиз жана буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, ошондой эле кызматташтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүүгө даярбыз.


Казакстан менен Финляндиянын башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Документте экономика, соода жана инвестиция тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле жогорку билим берүү, илим жана изилдөө жаатында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча макулдашуулар чагылдырылган. Өлкө лидерлери тынчтыкты орнотуу жаатында да өнөктөштүктү бекемдөөгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков