Дипломатиялык корпус Жаңы Конституциянын долбоорун талкуулады

Дипломатиялык корпус Жаңы Конституциянын долбоорун талкуулады

Астанада чет өлкөлүк дипломатиялык корпустун өкүлдөрү конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн мазмунун талкуулашты. Элчилер менчик укугуна, турак жайга кол тийбестикке, санариптик чөйрөдөгү укук коргоо нормаларына оң пикир билдиришти. Конституцияда мекемелер менен кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери үчүн мамлекеттин жоопкерчилик алуусу дүйнөлүк укукта сейрек кездешүүчү кубулуш катары жогору бааланды. Конституциялык реформа боюнча комиссиянын ачык форматта жүргүзүлгөнү да дипломатиялык корпустун көңүлүнө төп келгендей. Онлайн-трансляциянын 1 миллионго жакын көрүүчү чогултканы өлкө жарандарынын активдүү позициясын айгинелейт. Брифингдин жүрүшүндө Конституция долбоорунун республиканын тышкы саясатынын укуктук аспектилерине тиешелүү эрежелери түшүндүрүлдү. Эл аралык келишимдер өлкөнүн укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп кала берери жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш экени белгиленди.


Эльвира Азимова, Конституциялык сотунун төрайымы:


Сунушталып жаткан Конституциянын долбоору конституциялык нормалардын артка карай күчүнө ээ болушун көздөбөйт. Бул документ Казакстан кошулган эл аралык келишимдер менен конвенциялардын күчүнө шек келтирбейт. Ошондой эле сот адилеттиги бөлүмүнө ылайык, соттор иштерди кароодо Конституцияны, мыйзамдарды жана башка нормативдик-укуктук актыларды гана эмес, эл аралык келишимдердин нормаларын да жетекчиликке алууга милдеттүү.


Арман Исетов, тышкы иштер Министринин орун басары:


– Конституциялык жаңычылдыктар өлкөбүздүн эл аралык укуктун түпкү принциптерине берилгендигин, өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабындагы улуттук артыкчылыктарды ар тараптуу көрсөтөт. Атап айтканда, жаңы Конституция долбоорунун 10-беренесинде мамлекеттер менен кызматташуу, алардын ички иштерине кийлигишпөө жана эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү принциптери каралган.


Которгон: Илгиз Жамалбеков