Казакстан менен Түркия 920 миллион долларлык долбоорлорду ишке ашырат

Казакстан менен Түркия 920 миллион долларлык долбоорлорду ишке ашырат

Казакстан менен Түркиянын президенттерине эки өлкө биргелешип ишке ашырып жаткан инвестициялык долбоорлор тааныштырылды. Түрк компаниялары республикада бир катар өнөр жайлык объектилерди курууга ниеттенүүдө. Атап айтканда, кен байытуу комбинаты, буудай менен буурчакты терең иштетүүчү завод, желатин жана биологиялык активдүү кошулмаларды чыгаруучу заманбап өндүрүштөр. Ошондой эле түрк инвесторлору Актөбе эл аралык аэропортунун аймагында логистика борборун куруп жатышат. Ушул долбоордун алкагында өлкөгө 920 млн доллардан ашык инвестиция тартылмакчы. Жалпысынан, бүгүнкү күндө түрк бизнесинин катышуусу менен республикада 4 млрд долларга 100 инвестициялык долбоор ишке киргизилди. Дагы 50 демилге ишке ашырылууда.

Касым-Жомарт Токаев менен Режеп Тайип Эрдоган видеоконференция аркылуу Түркияда курулган Кожо Ахмет Ясауи атындагы мектептин ачылыш аземине катышты. 2023-жылдын бирдин айынын 6да катуу жер титирөөдөн жабыркаган Газиантеп провинциясынын Нурдагы шаарында жаңы мектеп куруу демилгесин Казакстандын Президенти көтөргөнү белгилүү. Билим уясында 32 башталгыч жана 4 мектепке чейинки класс каралган. Мектептин аймагында амфитеатр, спорт жана балдар ойноо аянтчалары жана казактын улуттук боз үйү стилинде жасалган чатырлар бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков