Мамлекет башчы бүгүн казак-кытай инвестициялык форумуна катышты. Президент мунай-газ тармагын эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири деп атады. Атап айтканда, мунай экспортун көбөйтүү үчүн Казакстан-Кытай мунай куурунун кубаттуулугун кеңейтүү пландалууда.
Касым -Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Күн тартибинде иштеп жаткан мунай түтүктөрүнүн (Атырау-Кеңкыяк жана Кеңкыяк-Кумкөл) өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселеси турат. Нефть продуктыларын керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу ошондой эле Чымкент нефтин кайра иштетүүчү заводунун өндүрүштүк потенциалын жылына 6 миллион тоннадан 12 миллион тоннага чейин жогорулатуу пландаштырылууда. Биз бул тармакта CNPC корпорациясы менен көптөн бери ийгиликтүү иштеп келебиз. Казакстан үчүн артыкчылыктуу багыт катары биз газды кайра иштетүү кубаттуулугун жогорулатууну жана газ өткөрүү системасын кеңейтүүнү карайбыз. Бул жагдайда Бейнеу-Бозой-Шымкент газ проводунун экинчи линиясын ишке киргизүү өтө маанилүү. Мындан тышкары биз Кашаган кенинде жылына 4 миллиард кубометр газды кайра иштетүүчү завод курууга кызыкдарбыз.
Президент кытайлык ишкерлерди кайра жаралуучу энергияга инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга чакырды. Бул тармактагы долбоорлорго мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Анткени Казакстан 2060-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнү максат кылып койгон. Айта кетсек, өндүрүш тармагына келгендер да колдоо алышат.
Касым -Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Казакстанда өндүрүш тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Атап айтканда, “Өнөр жай саясаты жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ата мекендик ишканалар үчүн алюминийге, жезге жана цинкке жеңилдетилген баалар белгиленген (Лондон металл биржасында баалардан 5%га төмөн). Мындан тышкары, ички рыноктун керектөөлөрүн толук канааттандыруу үчүн бул металлдарды экспорттоону жөнгө салууну киргизүү пландаштырылууда.
Электрондук коммерциянын потенциалы өлкөлөргө сооданы 40 миллиард долларга жеткирүүгө жардам берет. Мындан тышкары, онлайн соода казакстандык жана кытайлык өндүрүүчүлөрдүн продукциясын мындан ары дагы - эл аралык рынокко жылдырууга мүмкүндүк берет, деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Бул багытта алгачкы кадамдар жасалды – бүгүн президент JD.com популярдуу электрондук платформасында Казакстандын Улуттук павильонун ачты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков