Кытай, Орусия,
Малайзия, Түркия, Иран жана Польшанын компаниялары Казакстандагы жаңы
ишканаларга инвестиция салууга ниеттенүүдө. Атап айтканда, Алматыда жалпы баасы
256 миллиард теңгени түзгөн 28 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тизмеге
желатин өндүрүү, чакан өнөр жай парктары, мектеп жана башка имараттар кирет. Ошондой
эле, Алматы шаарынын акимчилиги алюминий жана биметалл жылытуучу радиаторлордун
өндүрүшү ишке киргизиле турганын билдирди. Кабыл алынган долбоорлордун арасында
электр жабдууларын жана тетиктерин, телекоммуникация жабдууларын чыгаруучу
заводдун курулушу бар. Мындан тышкары Алматыда микроклоналдык өсүмдүктөрдү
көбөйтүү лабораториясы курулмакчы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков