Курык порту аркылуу 1,5 миллион тоннага жакын жүк ташылды

Курык порту аркылуу 1,5 миллион тоннага жакын жүк ташылды

Жыл башынан бери Курык деңиз порту аркылуу бир жарым миллион тоннага жакын жүк ташылып, жүктөлдү. Бул 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15%га көп. «Казакстан темир жолу» ишканасынын маалыматы боюнча порт аркылуу ата мекендик мунай жана мунай өнүмдөрү, металлдар, жер семирткичтер, химиялык өнүмдөрү ташылат. Мындан тышкары Кытайдан, Борбор Азия республикаларынан Азербайжанга, Грузияга, Түркияга, ошондой эле Чыгыш Европа өлкөлөрүнө жана кайра артка жүк ташуу артып келүүдө. Эске сала кетсек, деңиз портунда жүктөрдү кайра жүктөө көлөмүн көбөйтүү милдети турат. Бул максатта мында порттун акваториясынын түбү тереңдетилет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков