Астанада Улуттук курултай секцияларынын отуруму өттү

Астанада Улуттук курултай секцияларынын отуруму өттү

Улуттук курултай коомчулуктун муктаждыгын чечүүчү негизги талкуулоо аянчалардын бири катары өз мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеп келет. Муну серепчилер платформасынын жыл жыйынтыгы тастыктайт. Улуттук курултай секцияларынын отурумунда мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин экономика туруктуу өсүш көрсөткөнүн, жаңы жумуш орундары ишке кошулуп, туруктуу жумуш орундары түзүлгөнүн, социалдык объектилердин курулушу күч алып, транспорт инфраструктурасын жаңылоо иши уланып жатканын билдирди. Бул өнүгүү көрсөткүчтөрү өлкө Президентинин масштабдуу реформаларынын натыйжасы, - деди мамлекеттик кеңешчи. Ал эми Касым-Жомарт Токаев тарабынан демилгеленген парламенттик реформа «Күчтүү Президент – таасирдүү Парламент – отчёттуу Өкмөт» формуласынын алкагындагы масштабдуу саясий модернизациянын логикалык уландысы. Бүгүнкү күндө парламенттик реформа боюнча жумушчу топ адистер жана калк менен активдүү иш алып барууда. Ерлан Карин Мамлекет башчысынын тапшырмаларына жана Бурабайда өткөн IV жыйында Улуттук курултайдын мүчөлөрүнүн сунуштарына токтолду.


Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи:


- Биз 53 пункттан турган планды кабыл алдык. Ал планда көрсөтүлгөн бардык демилгелердин ишке ашырылышын көзөмөлгө алдык. Бул иштин аркасында 10го жакын мыйзам кабыл алынышы керек. Бир нече чоң нормативдик документтер кабыл алынуусу зарыл.


Ошондой эле, бир катар маанилүү концептуалдык документтер иштелип чыккан, алардын бири ички саясаттын негизги принциптерин жана багыттарын аныктайт. Курултайдын ишинин алкагында коюлган айрым милдеттер ийгиликтүү ишке ашырылганын белгилей кетүү керек. Иш уланууда. Мисалы, «Казакстан балдары» бирдиктүү программасын даярдоо жүрүп жатат, илимий шаарларды түзүү, өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуу, өзгөчө муктаждыктары бар балдарды комплекстүү колдоо боюнча мыйзамдык ченемдерди иштеп чыгуу жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, отурумдун жыйынтыгында Улуттук курултайдын мүчөлөрү Мамлекет башчысынын демилгелерин ишке ашырууну колдоп, айрым багыттар боюнча өз сунуштарын билдиришти. Улуттук курултайдын 5-жыйыны кийинки жылы Кызылорда шаарында өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков