Грузиянын Премьер-министри Казакстанга расмий сапар менен келди

Грузиянын Премьер-министри Казакстанга расмий сапар менен келди

Казакстанга Грузиянын премьер-министри расмий сапары менен келди. Президент Касым-Жомарт Токаев Ираклий Кобахидзени жеке өзү тосуп алды. Эгемендүүлүк сарайында жогорку конокту тосуп алуу аземи болуп өттү. Тараптар бири-бирине расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты. Андан соң ардактуу күзөт ротасынын башчысы саламдашуу рапортун берип, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Расмий бөлүктөн кийин тар чөйрөдө жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр башталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков