Структуралык реформаларды жүргүзүү, өлкөнүн салык-бюджеттик
саясатын жана финансы рыногун өнүктүрүү. Бул багыттар боюнча Казакстан менен Эл
аралык валюта фонду 30 жылдан ашуун өз ара аракеттешүүдө биргелешкен иштин оң
натыйжаларына ээ. Бул-кызматташтыктын жогорку маанисинин далили. Бүгүн Астанада
казак өкмөт башчысы менен ЭВФтин тескөөчү мүдүрүнүн орун басары жолугушту. Олжас Бектенов менен Бо Ли
каржы-экономикалык тармактагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле
эл аралык Валюта Фонду өлкөбүзгө климаттык өзгөрүүлөргө каршы жардам көрсөтүүнү
улантууга даяр. Бо Линин айтымында, биздин өлкө туруктуу өсүү жолунда чоң
кадамдарды жасап жатат. Ал эми Казакстан 2060 – жылга чейин көмүртектин
нейтралдуулугуна жетишүү максатын коюп жатат. Бул тууралуу жогорку даражалуу мейман
борбор калаадагы парктардын биринде бак – дарактардын көчөттөрүн отургузуу
боюнча экологиялык акциянын жүрүшүндө билдирди.
Бо Ли, ЭВФтин башкаруучу мүдүрүнүн орун басары:
- Бул бак-дарак отургузуу иш-чарасы символикалуу. Ал сиздин
өлкөңүздүн эл аралык валюта фондунун жашыл трансформацияларына колдоосун
чагылдырат. Биз Казакстанга климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүүгө, кесепеттерин
жумшартууга, аларга ыңгайлашууга жана жашыл келечекке ээ болууга жардам берүү
үчүн бул процессте өнөктөш болгубуз келет. БУУнун СОР 29 конференциясы ушул
аймактагы өлкөлөрдүн биринде өтөт. Биз бул процесске, өзгөчө макроэкономикалык
саясат, анын ичинде фискалдык саясат жана каржы саясаты жагынан даярдануу үчүн
ошол өлкөлөр, анын ичинде Казакстан менен иштешебиз.
Которгон: Назира Бегалиева