Казакстандын президенти каржы мониторинг агенттигинин төрагасын кабыл алды

Казакстандын президенти каржы мониторинг агенттигинин төрагасын кабыл алды

Казакстанда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөштү баалоо процедурасы ийгиликтүү аяктады. Ал ФАТФ стандарттарына ылайык өттү. Көрсөтүлгөн эффективдүү система ата мекендик бизнеске трансчек аралык финансылык операцияларды жөнөкөйлөтүлгөн контролдон өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Каржы мониторинг агенттигинин төрагасы Касым-Жомарт Токаевге билдирди. Жанат Элиманов ошондой эле Казакстан акчаны адалдоого каршы күрөш боюнча Азия-Тынч океан тобуна байкоочу статусун алганын билдирди. Бул аймактын өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатат. Аталган мекеменин башчысы 2023-2025-жылдарга көмүскө экономикага каршы күрөшүүнүн комплекстүү планына өзүнчө токтолду. Кечээ эле аны Өкмөт бекитти. Документ соода, өндүрүш, айыл чарба, кыймылсыз мүлк жана транспорт тармагындагы көмүскө операциялардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чараларды камтыйт. Жалпысынан жыл башынан бери мекеме келтирилген зыяндын ордун толтуруп, 94 миллиард теңгенин мүлкүн кайтарып берген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков