Кытайлык корпорация Казакстанда энергетикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга ниеттенүүдө

Кытайлык корпорация Казакстанда энергетикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга ниеттенүүдө

Кытайлык корпорация Казакстанда энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралуу компаниянын вице-президенти Чжао Чжэнсян өлкөнүн премьер-министри Алихан Смаилов менен жолугушууда билдирди. Тараптар энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Сүйлөшүү учурунда Казакстандын өкмөт башчысы өлкөнүн электр энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча тиешелүү концепция кабыл алынганын белгиледи. Учурда иштеп жаткан электр станцияларын модернизациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Бул 2027-жылга чейин 1700 МВттан ашык кубаттуулукту ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет. Быйылкы жылы Экибастуз ГРЭС-1де №1 энергоблокту калыбына келтирүү иштери аяктап, келерки жайкы сезондо кошумча 500 МВт берилет. Мындан тышкары, Көкшетау жана Семей шаарларында жаңы жылуулук борборлорун куруу мерчемделген. Улуттук электр тармактарын жаңылоо иштери жүрүп жатат. Буга кошумча Батыш энергетикалык аймактын электр линияларын чыңдоо долбоору ишке ашырылууда. Мындай долбоор Түштүк аймагында да иштелүүдө. Өз кезегинде Чжао Чжэнсян компания эки тарапка тең пайдалуу шарттарда биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга жана түзүлгөн кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков