Казакстанда 1 миллион айыл тургунунун кирешесин көбөйтүү мерчемделүүдө

Казакстанда 1 миллион айыл тургунунун кирешесин көбөйтүү мерчемделүүдө

Казакстандын 1 миллион айыл тургунунун кирешесин көбөйтүү пландалууда. Бул 2021-2025-жылдарга карата агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча улуттук долбоордун максаты. Документти айыл чарба министри Ербол Карашөкеев өкмөттүн жыйынында тааныштырды. Министрдин айтымында, улуттук долбоорду иштеп чыгууда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдөгү глобалдык чакырыктар жана дүйнөлүк тенденциялар, мурунку өкмөттүк жана тармактык программалардын жыйынтыктары эске алынган.

Ербол Карашөкеев, РКнын Айыл чарба министри:

- Улуттук долбоордун төмөнкү негизги милдеттери аныкталды. Биринчиси-эмгек өндүрүмдүүлүгүн 2,5 эсеге жогорулатуу, экинчиси-ата мекендик өндүрүштү негизги тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу, үчүнчүсү-кайра иштетилген өнүмдүн үлүшүн 70%га жеткирүү менен агроөнөр жай комплексинин өнүмүн экспорттоону эки эсеге көбөйтүү. Төртүнчүсү - 7 ири экосистеманы түзүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу 1 миллион айыл тургундарынын кирешелеринин туруктуу көбөйтүү.

Ошондой эле, министр улуттук долбоорду ишке ашырууда 4,1 триллион теңгеге 582 инвестициялык долбоорду ишке киргизүү мерчемделип жатканын белгиледи.

Ербол Карашөкеев, РКнын Айыл чарба министри:

- Улуттук долбоордун артыкчылыктары ири инвестициялык долбоорлордун тегерегинде 7 экосистеманы калыптандыруу, анын ичинде эт, мөмө -жемиш, жашылча, кант, дан эгиндери, май өсүмдүктөрү жана сүт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү болот. Бул кеминде 350 миң фермерди жана үй чарбасын жогорку кошумча наркка ээ болгон акыркы казакстандык өнүм өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Жалпысынан 5 жылдын ичинде 4,1 триллион теңгенин 582 инвестициялык долбоорун ишке ашыруу көздөлүүдө.

Айта кетсек, Өкмөттүн жыйынында бир нече улуттук долбоорлор каралды. Алар Туруктуу экономикалык өсүш, Ишкердикти өнүктүрүү жана региондорду өнүктүрүү долбоорлору. Мындан тышкары, Улуттук руханий кайра жаралуу, Жашыл Казакстан, Санариптештирүү, инновация жана илим

аркылуу технологиялык ачылыш долбоорлору жана билим берүүнүн сапатын жана улуттук ден соолукту жакшыртуу боюнча комплекстүү долбоорлор кеңири тааныштырылды. Улуттук долбоорлор толугу менен президенттин тапшырмасын жүзөгө ашырууга багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков