Менчиктештирүү планы кайра каралат

Менчиктештирүү планы кайра каралат

Казакстандын өкмөтү 2025-жылга чейин менчиктештирүүнүн комплекстүү мерчемин кайра карап чыгат. Сунуштар Экономиканы модернизациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында талкууланды. Менчиктештирүү планына 721 уюм киргизилип, анын 230у сатылып, 50гө жакыны жоюу же кайра уюштуруу тепкичинде турат. Ошол эле учурда баланстык нарктан төмөн активдерди сатууга тыюу салуу, сатып алуучу менен сатуучунун акционер болуп калышына жол бербөө, стратегиялык маанидеги объектилерге мамлекеттик көзөмөлдү сактоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр иштелип чыгууда. Ошондой эле, менчиктештирүү планына жаңы уюмдарды киргизүү сунушталды, аларды атаандаштык чөйрөгө киргизүү экономикага оң таасирин тийгизет. Бир бөлүгүн “Самрук-Казына” фондунун портфелдик компанияларын IPO аркылуу рынокко чыгаруу көздөлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков