КЭРнын Эл аралык көргөзмөсү: Казакстандын туристтик тартымдуулугун арттыруу

Казакстан үчүн Кытай артыкчылыктуу туристтик базарлардын бири айланууда. Статистикалык маалыматтар боюнча, жыл башынан бери Кытайдын аймагынан 120 миңден ашуун саякатчы келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 64% га көп. Серепчилер Кытайдын саякатчыларынын кескин көбөйүшүн өз ара визасыз режим жана эки өлкө ортосундагы авиа каттамдардын көбөйүшү менен байланыштырышууда. Адистер бул көрсөткүч чек эмес экендигин айтышат. Өлкөгө туристтердин агымын көбөйтүү көздөлүүдө. Бул максатта Бээжиндеги Эл аралык адистештирилген көргөзмөгө Казакстандан 20 компания катышты. Улуттук стенд, алардын сунуштары жана жаңы туристтик багыттары менен, өткөн жылдагыдай эле иш-чаранын конокторунун кызыгуусун жаратты. Белгилей кетсек, көргөзмөгө 100дөн ашык өлкөдөн келген 20га жакын чет өлкөлүк туристтик өндүрүштүн өкүлдөрү катышты. Тараптар тажрыйба алмашып, жолугушууларды өткөрүштү. Ошондой эле тармакты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.


Даниел Сержан уулу, Kazakh Tourism башкармасы төрагасынын орун басары:


- Бээжинде өтүп жаткан көргөзмөнүн жыйынтыгында Алматы туризм күнүндө биринчи күнү Астананын тааныштырылышы менен 10дон ашык келишимге кол коюлду. Демек, бул өлкөнүн башкы шаарларына, Астанага жана Алматыга туристтик топтор алынып келинет деген сөз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков