Франция инвесторлору Казакстанда компания ачууга кызыкдар

Франция инвесторлору Казакстанда компания ачууга кызыкдар

Франциянын ири корпорациялары Казакстанда жана Борбор Азияда өз ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү көздөп жатышат. Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү да биздин экономикага кызыгышууда. Жаңы геосаясий кырдаалда өлкөлөр ортосундагы соода алмашуу Европа менен Азияны байланыштыруунун альтернативдүү жолдорун издөөдө. Муну франко-казак соодасынын көлөмүнүн жарым жылда 12 пайызга өскөнүнөн көрүүгө болот. Ошондой эле ишканаларды көчүрүү маселеси каралууда.

Ив-Луи Даррикаррер, Казакстан-Франция ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы:

- Көп толкундоолор болгону чын. Санкцияларга байланыштуу жеткирүү чынжырындагы өзгөрүүлөр, дүйнөлүк рыноктордун кайра түзүлүшү. Мунун баары инфляцияны жаратты. Бул контекстте Казакстан менен француз бизнесинин ортосундагы мамилелерди улантуу өтө маанилүү. Бир аз басаңдоо болсо, бул контекст менен түшүндүрүлөт. Казакстан француз бизнеси үчүн, ал эми француз бизнеси Казакстан үчүн абдан кызыктуу.

Поль Мариа, ORANO компаниялар тобунун вице-президенти:

- Энергетикалык контекстте Казакстан дүйнөлүк уран казып алууда жана жалпы эле өзөктүк энергетикада абдан маанилүү роль ойной турганы айдан ачык. Франция бул өнөктөштүккө, ошондой эле Казакстан менен кызматташкан атомдук өнөр жайдын башка тармактарына өзгөчө маани берет.

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк бизнес, анын ичинде француз бизнеси Казакстандын ички жаңылыктарына мурда болуп көрбөгөндөй кызыкдар. Борбордук Азиядагы эң ири экономика постсоветтик мейкиндиктеги туруктуусу болуп калды.

Гульсара Арыстанкулова, Казакстандын Франциядагы элчиси:

- Албетте, мамлекет башчысы жарыялаган экономикалык жана саясий реформалар жана аларды ийгиликтүү ишке ашыруу француз инвесторлорунун көңүл борборунда. Алар алдыга коюлган бардык максаттар ишке ашат деп ишенишет. Ошон үчүн бүгүнкү күндө биз менен 30 жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келгендерден тышкары, кызматташууну каалаган көптөгөн жаңы ишканаларды көрүп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков