Агроөнөр жай комплексине инвестиция салуу 40 пайызга өстү

Агроөнөр жай комплексине инвестиция салуу 40 пайызга өстү

Агроөнөр жай комплексине тартылган инвестициялардын көлөмү 427 миллиард теңгени түздү. Finprom.kz порталынын маалыматына караганда, каражат негизинен айыл чарба, токой жана балык чарбасына тартылып, жыл башынан бери 40 пайыздан ашык көбөйгөн. Бул депозиттер ишканалардын негизги каражаттары жана банктык эмес насыялар менен камсыздалат. Белгилей кетсек, 2020-жылдын тийиштүү мезгилинде айыл чарба тармагына 292 миллиард теңге инвестицияланган. Аймактар боюнча эң чоң инвестиция Түндүк Казакстан облусуна багытталган. Алдыңкы үчтүккө Акмола жана Павлодар облустары кирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков