Жасалма интеллект
жөнүндөгү алгачкы теледолбоор. Жетинин айынын 3нөн баштап «Jibek Joly» каналында
AI-УСТАЗ эфирге чыгат. Ал дүйнөдөгү таанымал нейрон тармактары жана ата
мекендик IT-жаңылыктарды жеткирет. Ошондой эле жасалма интеллектти ар бир
тармакта кантип колдонуу керектигин майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрөт. Ушундайча
көрүүчүлөргө жаңы көндүмдөрдү, заманбап технология мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт.
Тилек Каналин, «Ai-Устаз»
долбоорунун башкы продюсери:
- Информатика
мугалимдерине, жаш адистерге жана окуучуларга арналган долбоор. Аны кантип
колдонууну, нускаларын жана мисалдарын, ошондой эле жыйынтыктарды көрсөтөбүз.
Каталар болсо, аны кантип оңдоо, өзгөртүү, эскертүүлөрдү, промтторду кантип
киргизүү керектиги жөнүндө көрсөтөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

