Бул тууралуу Экология жана жаратылыш ресурстар министрлиги билдирди. Өнөр жай башкармалыгынын статистикасына ылайык, жашыл саясатка өтүүгө жумшалган каражаттардын жарымы өлкөнүн экономикасынын болгон инвестициялары болуп саналат. Тагыраак айтканда, жүгүртүүдөгү чийки заттын ата мекендик өндүрүшүнүн 327 миллиард доллары жашыл демилгелерге багытталат. Ал эми жаңы инвестиция булактарынан 224 миллиард доллар тартылат. Бул максатта 2030-жылга чейин болгону 10 миллиард доллар сарптоо пландалууда. Калган 600 миллиард доллар 2060-жылдын аягына чейин инвестицияланат. Белгилей кетсек, быйыл «Таза технологиялар чөйрөсүндөгү инновациялардын глобалдык программасы» өз ишин улантат. Аны өлкөдө Эл аралык Жашыл технологиялар жана инвестициялык долбоорлор борбору ишке ашырат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков