Казакстан менен Кыргызстан өкмөт аралык бир нече келишимге кол койду

Казакстан менен Кыргызстан өкмөт аралык бир нече келишимге кол койду

Соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетика, транзиттик-транспорттук, аскердик-техникалык тармактар, өнөр жай кооперациясы жана саламаттык сактоо. Казакстан менен Кыргызстандын өкмөт башчылары аталган багыттар боюнча кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Белгилей кетсек, Казакстан Кыргызстандын экономикасына эң ири инвесторлордун бири. 2005-жылдан бери Казакстандан Кыргызстанга багытталган түз инвестициянын топтолгон көлөмү 1 миллиард доллардан ашкан. Эки тараптын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү эки эсеге өсүүдө. 2021-жылдын 9 айында эки тараптуу соода жүгүртүү 680 миллион доллардан ашты. Бул көрсөткүчтү 1 миллиард долларга жеткирүү көздөлүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир нече өкмөттөр аралык келишимдерге кол коюлду.

Бакыт Султанов, РКнын Соода жана интеграция министри:

- Кыргыз Республикасынын аймагында дүң жана чекене соода борборлорун түзүү Казакстанга товарларды өз убагында жеткирүүнү камсыз кылат. Ошондой эле, мөмө-жемиштерди биздин өлкө аркылуу Түндүк же Европага ташууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары Казакстандан Кыргыз Республикасына товарларды экспорттоого жакшы мүмкүнчүлүк. Мындай кадам менен эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтөбүз.

Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын экономика жана коммерция министри:

- Кыргызстандан Казакстандын аймагына жана андан ары башка мамлекеттерге айыл чарба өнүмдөрүнүн борборлоштурулган жеткирүүсүн камсыз кылуу мерчемделген. Бул долбоор азык-түлүк коопсуздугу жагынан да маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков