Борбор Азиянын потенциалы

Борбор Азиянын ички соодасын 15 млрд долларга жеткирүү мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Экономист Сапарбай Жумаевдин пикиринде, буга бардык шарттар бар. Акыркы 5 жылдын ичинде эле региондогу өлкөлөрдүн өз ара товар жүгүртүүсү дээрлик эки эсеге өстү. Өткөн жылы бешилтиктин 25% га өсүшү АКШ валютасында 11 миллиард долларга жеткен. Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон соода-сатыгы да үчтөн бирине көбөйүп, 8 миллиард долларга жетти. Серепчи белгилегендей, көрсөткүч жогорулаган сайын аймакта бирдиктүү мейкиндик түзүлүп, кызматташтыктын бекем пайдубалы түптөлдү. Алсак, жакында Астанада өткөн Борбор Азия саммитинде бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Анын ичинде "Борбордук Азия-2040" аймактык кооперацияны өнүктүрүү концепциясы жана 2025-2027-жылдарга өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасы бар. Аймак глобалдык транспорттук байланыштын негизги тармагына айланууда. Казакстан өз өнөктөштөрү менен орто коридорду өнүктүрүүдө. Бул каттам боюнча ташылган жүктөрдүн көлөмү орточо 5 эсеге көбөйүшү мүмкүн. 

Сапарбай Жумаев, экономист:

– Айрыкча, өндүрүш тармагында биздин потенциалыбыз абдан жогору. Биз алыскы чет өлкөлөрдөн эмес, кошуналарыбыздан сатып алган көптөгөн өнүмдөр бар. Эгер сатып алсак, кайра иштетилген продукцияларга суроо-талап өсөт.  Биз бул потенциалды максималдуу түрдө колдонушубуз керек. Энергетика тармагында жана андан кийин Транскаспий транспорттук каттамында биз потенциалыбызды көбүрөөк колдоно алабыз. Каспий, Кавказ мамлекеттери, Азербайжан аркылуу Европага чыгуу аркылуу бул биздин чоң транзиттик потенциалды колдонгонубузду көрсөтүп турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков