Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинде экология маселеси көтөрүлөт

Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинде экология маселеси көтөрүлөт

Дүйнөлүк экологиялык каатчылык бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө үчүн актуалдуу маселе болуп саналат. Серепчилердин пикири боюнча, дин ушундай маселелерде айлана-чөйрөнү коргоону адамзат алдындагы моралдык милдет катары карап, аны популяризациялай алат. Бул Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинде талкуулана турган багыттардын бири болот. Иш-чара аяк оона айынын 17-18 күндөрү Астана шаарында өтөт. Эскерте кетсек, форум диалог үчүн гана эмес, конкреттүү чечимдерди кабыл алуу жана эл аралык уюмдарга багыт берүүчү документтерди иштеп чыгуу үчүн да абройлуу аянтча болуп саналат. Съездде жаңы технологияларга жана санариптик доордогу диндин ролуна байланыштуу маселелер талкууланат. Ага дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн делегациялардын катышуусу пландаштырылууда.

Руслан Ибраев, Дин жана диндер аралык диалог боюнча эл аралык борбордун департаментинин мүдүрү:

- Эгер диндин өзүн карасак, анда анын негизинде айлана-чөйрөгө, адамзатка болгон урматтоо, башкача айтканда, анын жакшылыктарын, ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жатат. Ушул көз караштан алганда, биздин диний лидерлер, ошондой эле дүйнөлүк диний лидерлер алардын канчалык баалуу экенин билишет. Аларга бул маселе боюнча айта турган пикирлери бар. Бул  демилге съезддин алкагында көтөрүлөт, сунуштар съезддин документтерине киргизилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков