Жыл башынан бери казакстандык окуучулар эл
аралык предметтик олимпиадаларда 210го жакын медаль жеңип алышты. Алардын 22си
алтын, 65и күмүш, 121и коло. Республиканын жалпы билим берүү мекемелеринин
окуучулары эң абройлуу 7 интеллектуалдык таймашта өз билимдерин татыктуу
көрсөттү. Тактап айтканда, алар биология, химия, математика, физика,
информатика, география жана тил илими боюнча сынактар. Жакында республика
курамасы Күн Чыгыш мамлекетинде физика-математика сабактары боюнча уюштурулган
эл аралык билим жарышынан жеңиш менен кайтты. Бул олимпиадада окуучулар эки
күмүш жана төрт коло медалга ээ болушту. Ошондой эле, казакстандык окуучулар
БАЭде өткөн эл аралык биология олимпиадасында байгелүү орундарга жетишти.
Гүлсара Мукаш, «Дарын» РГПО интеллектуалдык
чараларды уюштуруу жана эл аралык кызматташтык бөлүмү башчысынын милдетин
аткаруучу:
Эл аралык олимпиадага 4 катышуучу катышты.
Булар тандоодон өткөн балдар. Бул жылы
төртөө тең 100% сыйлыкка ээ болушту. Алардын экөө күмүш, экөө коло медаль. Балдардын
айтымында, биздин даярдыктар аларга чоң жардам берди. Анын баары алдыңкы окуу
жайларында өткөрүлдү.
Алдыда дагы төрт Олимпиада бар. Окуучулар химия, география, информатика жана тил илими
боюнча дүйнөнүн эң мыктылары менен ат салышат. Мелдеш Швейцария, Индонезия,
Венгрия жана Болгарияда өтөт.
Нурлан Жумакелди, «Дарын» РГПО мүдүрүнүн орун басары:
Акыркы 3 жылга токтолсок, былтыр 31 балабыз
барып 27 медаль алып келишсе, мурунку 2021-жылы 31 бала 26 медаль алып келген.
Быйыл 31 бала барды. Кудай буюрса, алдыда 4 олимпиада бар, жакшы ийгиликтерге
жетишебиз деп ишенебиз. Мен эл аралык деңгээлде бааланган олимпиадаларды гана
айтып жатам. Мындан тышкары да олимпиадалар бар, аларга биздин окуучулар
өлкөбүздүн атынан байма-бай катышып турушат.
Адистердин айтымында, эл аралык
олимпиадалардагы жеңиштер улуттук билим берүү системасынын атаандаштыкка
жөндөмдүүлүгү жана сапаты жогорку деңгээлде экенин көрсөтүп турат. Сынактын
жеңүүчүлөрү өлкөнүн эң мыкты ЖОЖдоруна тапшырып, эң алдыңкы технологияларга
жана жаңы билимдерге ээ боло алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков