Казакстандын БУУнун курамына киргенине 30 жыл

Казакстандын БУУнун курамына киргенине 30 жыл

Жалган куран айынын 2си Казакстандын тышкы саясаты үчүн өзгөчө дата. 1992-жылдын дал ушул күнү өлкө Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынган. Ошондон бери республиканын жигердүү позициясы жана демилгелери аркасында коомчулукка белгилүү мамлекетке айланды. Акыркы 30 жылда Казакстан тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана коопсуздукту сактоого зор салым кошту. Казакстан БУУ уставында бекитилген максаттарга жетүү жолунда талыкпас эмгек кылууну уланта берет.

Наталья Герман, БУУнун баш катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү:

- Алгачкы жылдан баштап Казакстан БУУда ишенимдүү өнөктөшкө айланды. Муну БУУ абдан жогору баалайт. Казакстан БУУнун платформасын эффективдүү пайдаланып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, түрдүү демилгелерди ишке ашыра алган өлкө катары таанылды.

Изуми Накамицу, БУУнун баш катчысынын орун басары, куралсыздандыруу маселелери боюнча жогорку өкүлү:

- Кезинде Казакстан дүйнөдөгү 4-өзөктүк арсеналдын ээси болгон. Бирок сиздер андан баш тартуу аркылуу башка мамлекеттерге үлгү көрсөттүңүздөр. Семейдеги ядролук полигонун жабуу чечимин кабыл алдыңыздар. Ошентип, дүйнөнү өзөктүк куралсыздандыруу идеясынын лидерине айландыңыздар. Сиздердин бул жааттагы жигердүүлүгүңүздөр кубантат. Бүгүнкү күндө адамзат ядролук коркунучтун алдында турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков