Борбордо алгачкы фандомат пайда болду. Бош желим бөтөлкөлөрдү, түрдүү калай банкаларды кабыл алуучу аппарат айлана-чөйрөнү сактоо максатында коомчулуктун көңүлүн калдыктарды иргеп алуу зарылчылыгына буруу үчүн иштелип чыккан. Пластмассаны тапшырганы үчүн акча же эко-бонустар берилет. Иштеп чыгуучулардын айтымында, аларды мобилдик тиркемеде топтоого же соода борборлорунда, супермаркеттерде колдонууга болот.
Адлет Нурселинов, компаниянын мүдүрү:
- Бул борбор калаада алгачкысы. Кулжа айынын аягына чейин дагы 10-15 фандоматты орнотууну мерчемдеп жатабыз. Кийинки айда анын саны 30дан 50гө чейин жетет. Бардыгы келишимдерге кол коюудан көз каранды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков