Эң чоң төшөк Гинесстин рекорддор китебине кириши мүмкүн

Эң чоң төшөк Гинесстин рекорддор китебине кириши мүмкүн

Дүйнөдөгү эң чоң казакстандык төшөк Гиннестин рекорддор китебине кириши мүмкүн. Анын узундугу 500 метрден ашат. Павлодарлык кол өнөрчүлөрдүн бул эмгеги атайын комиссия тарабынан каттоодон өткөн. Тигүүчүлөр бул жетишкендик бир нече күндөн кийин расмий түрдө дүйнөлүк рекорддор китебине кирерине үмүт артышат. Кол өнөрчүлөр аны иштеп чыгууда эски салттарды сактап, заманбап үлгү менен айкалыштырышкан.


Дина Ержанова, тигүүчү:
-Ши техникасы боюнча биз ушундай аламан төшөктү жасадык. Бул ши жуурканды, блокторду чогултууда кочкор мүйүз оюусу чыгат. Кочкордун мүйүзү ар бир казактын үйүндө болуш керек. Эмне үчүн? Анткени бизде төрт кыбыла тең, бул жакшылыкка чакырган төшөк.

Карима Жаминова, тигүүчү:
-Менин кардарым бар болчу. Казакча кылып баш кийим тигип бериңизчи деди. Анан ары ойлонуп, бери ойлонуп, заманбап такыя деп тигип бердим. Такыяны тигип баштаган соң суроо-талап көп болду.  Аягында патент берди.  Биз мындан ары да өсө беребиз. Азыр заманга жараша улуттук кийимдерди тигебиз.

Кол өнөрчүлөр казактын колдонмо искусствосун жайылтууда. Тигүүчүлүк менен жан баккандар бул кесипке кызыккан жаштарды тааныштыруудан баш тартышпайт. Тигүүчүлөрдүн өнүмүнө өлкөнүн бардык булуң-бурчунан суроо-талаптар келип түшүүдө. Сандар менен түстөрдүн айкалышына төп келген эмгектерге буйрутмалар көп түшөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков.