Казакстан-Того: Кызматташтыктын келечеги талкууланды

Казакстан-Того: Кызматташтыктын келечеги талкууланды

Казакстан Тогону Африкадагы маанилүү өнөктөш катары карайт. Ал эми бул континенттин өлкөлөрү менен кызматташтыкты чыңдоо өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев бүгүн Тогонун президенти Фор Эссозимна Гнассингбе менен болгон жолугушууда билдирди. Айта кетсек, ал Казакстанга расмий иш сапары менен келди. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 10 жылдыгынын алдында өтүп жаткан сапардын символикалык мааниси бар экенин жана тараптардын өз ара пайдалуу кызматташуунун жаңы барагын ачарын баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев учурда айыл чарба, жаңы технология, өндүрүш жана инвестиция тармагында кызматташууну жаңы темп менен өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады. Мисалы, Казакстан Тогого эгин экспорттой алат. Жалпысынан мамлекет башчысы Африка Республикасын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмуна мүчө болууга жана анын дараметин пайдаланууга чакырды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Эки өлкөнүн транспорттук-логистикалык тармагындагы кызматташуусу боюнча ар тараптуу талкуу болду. Казакстанга иш-аракетинин масштабы боюнча Батыш Африкада экинчи орунда турган Ломе портунун дараметин карап чыгуу сунуш кылынды. Биз өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Ошондуктан мен Тоголук ишкерлерди келерки жылы Казакстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныша турган Астана эл аралык форумуна катышууга чакырдым.

Фор Эссозимна Гнассингбе, Тогонун Президенти:
- Того Казакстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат жана стратегиялык өнөктөштүктү аймактар ​​аралык эле эмес, континенталдык деңгээлде өнүктүрүүгө кызыктар. Биздин өлкөдө инвесторлорду тартуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Того мамлекети соода жүгүртүүсү калыптанган өлкө катары казак инвесторлорун кызыктырышы мүмкүн деп ойлойм. Биздин делегация соода-экономикалык, тоо-кен, айыл чарба, транспорт, санариптештирүү тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө кызыктар. Сиздердин өлкөнүн эл аралык аренадагы тынчтыкты сактоодогу ролун өзгөчө белгилегим келет.

Эки башка континенттерде жайгашканына карабай Казакстан менен Того көп окшоштуктарга ээ. Эки өлкө тең жаратылыш ресурстарына бай. Алсак  темир, фосфат, боксит жана башка сейрек кездешүүчү минералдарды чалгындоо менен катар, казып алуу боюнча биргелешип иштөөгө болот. Буга кошумча эл аралык күн тартибиндеги көптөгөн актуалдуу маселелер боюнча мамлекеттердин позициялары окшош. Айта кетсек, мамлекеттер жана глобалдык, ошондой эле, аймактык түзүмдөрдүн алкагындагы өз ара аракеттенүү ийгиликтүү өнүгүп жатат. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, Казакстан менен Того башка өлкөлөр сыяктуу эле эл аралык мамилелерди жакшыртууга биргелешип салым кошо алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков