Казакстандагы ЖККУнун тынчтык күчтөрү үчтүн айынын 23нө чейин чыгарылат

Казакстандагы ЖККУнун тынчтык күчтөрү үчтүн айынын 23нө чейин чыгарылат

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейпилдик күчтөрү Казакстандан чыгарыла баштады. Чет элдик контингентти чыгаруу үчтүн айынын 13дө башталып, 10 күндүн ичинде аякталары күтүлүүдө. Учурда Орусия, Беларус, Кыргызстан, Армения жана Тажикстандан келген 2 миңдей аскер кызматкери бар. Айта кетсек, ЖККУнун бейпилдик күчтөрү Алматыдагы жана ага чектеш аймактардагы стратегиялык объектилерди коргоого катышкан. Уюмдун күчтөрүнүн убактылуу штабы Кургактагы аскерлердин Аскердик институтунун аймагында жайгашкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков