Казакстан менен Куба санариптештирүү, медицина жана фармацевтика тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт. Ишкердик жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн өлкө башчыбыз Касым-Жомарт Токаев менен Кубанын вице-президенти Сальвадор Вальдес Меса талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев ЕАЭБ иш-чараларына катышкандыгы үчүн кубалык делегацияга ыраазычылык билдирип, форумдун күн тартибинин актуалдуулугун белгиледи. Казакстандын президенти экономиканын негизги тармактарына жасалма интеллектти жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча чаралар жөнүндө айтып берди. Ошондой эле электрондук өкмөттү өнүктүрүүдөгү ата мекендик тажрыйба менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.
Которгон: Назира Бегалиева

