47 казакстандык дүйнөнүн алдыңкы илимий жана изилдөө борборлорунда такшалмадан өтүшөт. Өлкөнүн эл аралык программалык борборунун билдирүүсүнө ылайык, табият таануу жана техникалык багыт боюнча 28 грант жана социалдык-гуманитардык багыт боюнча 19 стипендия дайындалды. Негизинен ата мекендик окумуштуулар бир нече багытта тажрыйба алышат. Атап айтканда, «инженерия жана технологиялар», «саламаттык сактоо», «айыл чарба жана ветеринария», «жаратылыш илимдери», «коомдук илимдер», «гуманитардык илимдер» жана «искусство». Талапкерлер негизинен Гарвард, Токио, Белфаст королдук университети сыяктуу дүйнөлүк рейтингге кирген жогорку окуу жайларына кабыл алынды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков