Казакстан жана Швеция агрардык өнөктөштүктү бекемдешүүдө

Казакстан жана Швеция агрардык өнөктөштүктү бекемдешүүдө

Казакстан менен Швеция агрардык илим, технология, билим берүү жана соода тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүүдө. Айыл чарба министрлигинин, Казак агротехникалык изилдөө университетинин жана Жер иштетүү жана өсүмдүк өстүрүү институтунун өкүлдөрүнөн турган өлкөнүн делегациясы Стокгольмго иш сапары менен барды. Королдук айыл жана токой чарба академиясындагы жолугушууда тараптар өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырышты. Мисалы, жаш окумуштуулар үчүн биргелешкен билим берүү программаларын, такшалмаларды жана сертификатталган курстарды баштоо пландаштырылууда. Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларга жетишилди.

Ербол Тасжүреков, Айыл чарба министринин орун басары:

- Бул келишимдердин алкагында университетибиздин бүтүрүүчүлөрү – бакалаврлар, магистранттар, докторанттар Швецияда окуусун уланта алышат. Алган билимин коргоп, Швецияда окутулган академиялык билимге ээ болуп, кош диплом ала алышат. Мындан тышкары, швед бизнеси менен бир катар жолугушуулар өткөрүлдү. Алар Казакстанда айыл чарбасын өнүктүрүүгө чоң кызыгуу көрсөтүшүүдө. Атап айтканда, унаа жасоо тармагында - Казакстан Республикасынын аймагында унааларды өндүрүүнү андан ары локализациялоо боюнча конкреттүү сунуштар талкууланган Väderstad компаниясы менен жолугушуу болду.

Казакстандык делегация Швециянын айыл чарба илимдер университетинде да болуп, изилдөө полигондоруна жана өндүрүштүк аянтчаларына барды. Тараптар үрөндөрдү иштетүүнүн алдыңкы технологиялары жана мал чарбасындагы роботтоштуруу боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков