Казакстан Президентинин телерадиокомплекси менен Сауд Аравиянын Saudi Press Agency маалымат агенттиги кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул негизде жаңылыктар менен алмашуу көбөйөт.
«Эки өлкөнүн аудиториясына улуттук масштабдагы учурдагы окуялардан кабардар болууга мүмкүндүк берет. Тараптар ошондой эле контентти алмашуу жана өндүрүү, журналисттерди өз ара колдоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенүүдө», — деп билдирди ТРКнын басма сөз кызматы.
Казакстан жана Сауд Аравиясы: кызматташтыктын келечеги
Айта кетсек, мамлекет башчынын иш сапарынын алкагында стратегиялык жактан маанилүү ондогон документтерге кол коюлган. Бул биздин эки өлкө үчүн эле эмес, бүткүл Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия үчүн кандайдыр бир жаңы башталгыч.
Касым-Жомарт Токаев Казакстан Республикасынын Президенти
- Биздин анализге ылайык, Казакстан жылына 400 миллион доллардын тегерегиндеги 100дөн ашык чийки эмес товарлардын түрүн машина куруу, темир, болот өндүрүү, ошондой эле тамак-аш, кайра иштетүү жана айыл чарба сыяктуу тармактарда сунуштай алат.
Падышалыктын 50 ири компаниясы Казакстан менен жемиштүү кызматташууну каалайт. Анткени, биздин республика вольфрамдын, урандын, хромдун запастары боюнча дуйнөлук биринчи орунда турат. Алар баалуу жана түстүү металлдардын кендерине кызыгышат. Бирок инвестициянын басымдуу бөлүгү агроөнөр жай комплексине пландаштырылган. Перс булуңунун монархиясынын ишкерлери Казакстанда данды кайра иштетүүнүн толук циклин курууга ниеттенишүүдө.
Бахыт Султанов Казакстандын Соода жана интеграция министри
- Бүгүн Казтрейд тармагында келишимге кол коюлду, ал биздин да, саудиялык ишкерлерге да долбоорлор боюнча макулдашуу пункттарын табууга жардам берет. 9 келишимдин ичинен бирөө ири, ал агро өнөр жай комплексинде, 200 миллионго эсептелди.
Которгон: Клара Кудайбергенова