Алатау шаарын өнүктүрүүгө 1,5 трлн теңге тартылды

Алатау шаарын өнүктүрүүгө 1,5 трлн теңге тартылды

Alatau city – келечектеги санарип шаарына ири көлөмдөгү каражат жумшалууда. Жаңы технологиялар топтолгон шаарды өнүктүрүү үчүн жалпы наркы 1,5 триллион теңгени түзгөн 32 инвестициялык долбоор иштелип жатат. Алар логистика, курулуш жана ири өндүрүштүк демилгелерди камтыйт. Алматыдан 50 чакырым алыстыкта орун ала турган заманбап шаар «Жаңы Жибек жолундагы» ири экономикалык жана технологиялык борборго айлануусу керек. Ал 4 районго бөлүнөт. Ар биринин өз артыкчылыгы бар. Биринде билим берүү жана медицина борборлору ачылса, экинчисинде илим менен алектенүүгө шарт түзүлөт. Эң башкысы жасалма интеллектти колдогон система калыптанат. Анда акылдуу турак жайлардан баштап, жол кыймылын жөнгө салуучу системалар, өндүрүш менен өнөр жайды өркүндөтүүчү заманбап объекттер курулат. Тургундардын жайлуу жашоосу үчүн шарттар түзүлөт. Жаңы шаар өлкө экономикасын алдыга жылдырып, илим менен билимди, бизнести өнүктүрүүгө жол ачат. Адистердин болжолу боюнча, 2050-жылга карай бул жерде 1 млн 800 миң тургун жашайт.

Канат Ахатов, серепчи:

- Шаарды куруу нөлдөн башталат. Артыкчылыктары абдан көп. Инфраструктура, турак жайлар, жолдор - баары алдын ала ойлонуп жасалат. Жасалма интеллект шаардын коопсуздугуна жардам берет.

Нуртай Сабильянов, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Мамлекеттик фонддун бюджетинен да, жергиликтүү бюджеттен да каржыланат. Жалпы Алатау шаарынын бюджетинен республикалык бюджетке каражат алууга тыюу салынат. Башкача айтканда, бардык каражат ошол Алатау шаарын өнүктүрүүгө жумшалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков