Казакстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү рекорддук чекке жетти. Жыл башынан бери ал 36 жарым миллиард долларды түздү. Бул 2023-жылга караганда 11%га жогору. Бул тууралуу "Борбор Азия – Кытай" форматындагы Тышкы иштер министрлеринин бешинчи жолугушуусунда маалым болду. Буга кошумча тараптар өз ара сооданы арттырууга даяр. Атап айтканда, транзиттик-транспорттук чөйрөдө, энергетикада, өнөр жай кооперациясында, ошондой эле ата мекендик товарларды чийки зат эмес экспорттоодо өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү көздөөдө.
Казакстан
менен Кытай чет өлкөлүк уруксат бланкаларды электрондук форматта алмаштыра
башташты
Айта кетсек,
өнүктүрүү үчүн Казакстан менен Кытай жүк ташуу жараянын да жакшыртты. Ошентип, чет өлкөлүк уруксат
бланктарын алмашуу онлайн форматка өткөрүлдү. Бул жүктөрдү өткөрүү ыкчамдыгын
жана натыйжалуулугун жогорулатат, бул агымын көбөйтөт дегенди билдирет. Тесттик режиминде биринчи фуралардын өткөрүлүшү текшерилди. Белгилей кетсек, жыл башынан бери Казакстан менен Кытай Эл
Республикасына 190 миң уруксат кагазы берилген. Бул
дагы бир рекорддук көрсөткүч.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

