Казакстанда он айдын жыйынтыгы боюнча кайра иштетүү өнөр жайынын өндүрүш көлөмү 24 трлн теңгеден ашып, былтыркы жылдын тиешелүү мезгилинен 6%га жакын өсүү көрсөткөн. Бул тууралуу Өкмөт жыйынында айтылды. Металлургия, унаа жасоо жана химия өнөр жайынын өндүрүшү кыйла өсүп, өсүүнүн кыймылдаткыч күчүнө айланган. Бүгүнкү күндө өлкөдө дижитал-технологиялар киргизилип жаткан ишканалардын үлүшү 19%га жетти. Заводдордо бөлүктөрдү 3D-сканерлөө, булуттуу чечимдер, компьютердик көрүү жана чоң маалыматтарды иштетүү системалары колдонулат. 40тан ашык өндүрүш очогу өнөр жай роботторун орноткон. Мындан тышкары, ири өндүрүштөрдө жасалма интеллекттин жардамы менен 41 долбоор ишке ашырылууда. Ошону менен катар өнөр жайдын улуттук санариптик экосистемасы калыптандырылып, жер казынасын пайдалануучулардын сатып алууларын талдоого арналган Tizilim системасы ишке киргизилди. Ал эми үчтүн айынан баштап ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн бирдиктүү тизмеси өз ишин баштайт.
Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-Министри:
- Бүгүнкү күндө ИДӨнүн түзүмүндө кайра иштетүү секторунун үлүшү болжол менен 13%ды түзөт. Экономиканы активдүү түрдө ар тараптандыруу ишин улантуу маанилүү. Акыркы жылдары масштабдуу иштер аткарылды. Кайра иштетүү өнөр жайындагы өндүрүш көлөмү кийинки беш жылда болжол менен үчтөн бирине өстү. Биздин максатыбыз – жалпы ички дүң өнүмдөгү кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшүн 2030-жылга карай 15%ке чейин, ал эми 2035-жылга карай 18-20%ке чейин жеткирүү.
Өткөн жылы ата мекендик кайра иштетилген өнүмдүн экспорту 23 миллиард доллардан ашты. Бул жагынан агро өнөржай комплекси лидерлердин катарында. Казакстан чет элдик рынокторго ун, акшак, май, крахмал, биоэтанол жеткирет. Мунай тармагы да кайра иштетүү ишин өнүктүрүүнү колго алган. Бул жерде кубаттуулукту кеңейтүү эсебинен 7 жыл ичинде бензин менен дизель майын өндүрүү көлөмүн жылына 30 миллион тоннага чейин жеткирүү пландаштырылууда. Тармакка куюлган инвестициялардын агымы да көбөйүүдө. Быйыл 10 айда анын көлөмү 1,7 триллион теңгени түздү. Бул былтыркы жылдын тийиштүү мезгилинен 30% жогору. Бул жаңы тенденция индустриялаштыруунун бирдиктүү картасынын алкагында жаңы өндүрүштөрдүн ишке киргизилиши менен байланыштуу.
Ерсайын Нагаспаев, өнөр жай жана курулуш министри:
- Иштетүү көлөмүнө ишке киргизилген долбоорлор өз салымын кошууда. Быйылкыга пландалган жалпы наркы 1,5 трлн теңге болгон 190 долбоордун 147си ишке киргизилди. Натыйжада 18 миңден ашык жумуш орду түзүлдү. Алардын катарында кытайлык Chery, Changan, Haval, Tank бренддеринин жеңил автоунааларын чыгаруучу, тамак-аш өнөр жайына арналган алюминийден жасалган каптамалар, тиричилик техникасын өндүрүүчү ири долбоорлорду белгилеп кетүүгө болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

