Немис банктары Казакстандагы долбоорлорду өнүктүрүүгө инвестиция салат

Немис банктары Казакстандагы долбоорлорду өнүктүрүүгө инвестиция салат

Казакстан өнүктүрүү банкы Германиянын алдыңкы үч фининституту менен 3 инвестициялык келишим түздү. Алар экономиканын негизги секторлорундагы бир катар ата мекендик долбоорлорду каржылоого багытталган. Ошентип, биринчи документтин алкагында Германиянын ири конгломераты менен биргеликте 200 миллион долларга чейин инвестиция каралган. Казакстан  дагы эки алкактык келишимге - ар бири 100 миллион евродон Германиянын башка эки банкы менен кол койду. Эгерде биринчи документ насыялоо агенттиктердин колдоосу менен экспорттук бүтүмдөрдү каржылоого багытталса, экинчиси – республикадагы инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун колдоого багытталган. Белгилей кетсек, үч документке Казакстан-Германия бизнес-форумунда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун Астанага сапарынын алкагында кол коюлду.

Которгон: Назира Бегалиева