Казакстан менен Кытай инвестициялык кызматташууну
кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Кытай ата мекендик өнөр жай долбоорлорун өнүктүрүүгө 1
миллиард юань бөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министр Олжас Бектенов менен
Кытайдын өнөр жай-коммерциялык банкынын жетекчиси Лю Цзюнь менен болгон
жолугушууда белгилүү болду. Тараптар «жашыл» каржылоого, инфраструктураны колдоого жана
экспортко басым жасоо менен кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты. Олжас
Бектеновдун айтымында, Кытай өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү бойдон кала берет.
Өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү рекорддук көрсөткүчкө, тагыраагы 44
миллиард долларга жетип, 2025-жылдын башынан бери 3,4% өстү. Бүгүнкү
күндө Кытай Казакстандын экономикасына эң ири 5 инвестордун катарына кирет.
Премьер-министр биргелешкен
демилгелер кызматташуу үчүн жаңы горизонтторду ачарын кошумчалады. ICBC жетекчиси өз кезегинде банктын
инновацияларды колдоого жана республиканын каржы системасын
өнүктүрүүгө жигердүү катышууга умтулуусун белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

