Казакстан
Борбор Азиянын башка өлкөлөрү үчүн экономикалык ар тарптандыруу
багытында
үлгү боло алат. Бул тууралуу телеканалга берген эксклюзивдүү маегинде Ислам
Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти Рами Ахмад айтып берди. Ошондой эле, ал эл аралык каржы уюму өлкөнүн суу
инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорго бир миллиард доллардан ашык
каражат бөлөрүн белгиледи. Каражаттар республиканын жана бүткүл региондун суу
коопсуздугун камсыз кылууга багытталат. Серепчи Казакстан банктын Борбор Азиядагы
өнөктөштөрүнүн арасында маанилүү орунду ээлей турганын белгиледи. Белгилей
кетсек, бул күндөрү Алжирде Ислам Өнүктүрүү Банкынын тобунун жылдык жыйындары
өтүп жатат. Аларга фкаржыуюмуна мүчө 57 өлкөнүн финансы, экономика, эл аралык өнүгүү
жана пландаштыруу министрлери катышууда. Анын ичинде Казакстандын өкүлү да бар.
Рами Ахмад,
Ислам өнүктүрүү банкынын вице-президенти:
- Казакстан Борбор Азия өлкөлөрү үчүн үлгү катары маанилүү
ролду ойной алат жана биз Казакстан менен мындан да активдүү жана жемиштүү
кызматташууга үмүттөнөбүз. Бул Ислам Өнүктүрүү Банкы Казакстанга кандай жардам
бере тургандыгы тууралуу гана эмес, анын ийгиликтүү мисалдарын башка өлкөлөргө жана
аймактарга жайылта алабыз деген багыттагы
иштер.
Которгон: Илгиз
Жамлабеков

