Астанада Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча Жол картасына кол коюу аземи өттү. Ал эки мамлекеттин башчылары Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда болду. Документ өткөн жылдын жетинин айында Казакстандын президентинин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын практикалык уландысы болду. Жаңы долбоорлор өнөр жай, мунай химиясы, логистика, металлургия, агроөнөр жай комплекси, туризм жана «жашыл» энергетика тармактарын камтыйт.
Которгон: Назира Бегалиева

