Казакстандыктардын
бакубаттуулугун,
көз карандысыздыкты жана
демократиялык институттарын бекемдөө. Президенттин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан
реформалары дал ушул
баалуулуктарга багытталган. Жалпысынан, акыркы үч жылда
өлкөдө болуп жаткан саясий өзгөрүүлөр республиканын туруктуу өнүгүүсү жана
мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын калыптандырууда. Алар коомду бекемдеп, жаңы саясий салттарды жаратты. Астанадагы
Казакстан стартегиялык изилдөөлөр
институту аянтчасында
Касым-Жомарт Токаевдин реформаларынын үч жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылды. Талкууга
мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, парламентарийлер, алдыңкы аналитикалык
борборлордун жетекчилери, коомдук ишмерлер жана серепчилер катышты. 2022-жылы
Казакстан мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу боюнча маанилүү программаны
баштаган -бул коррупция менен күрөшүүдө жана социалдык адилеттүүлүктү калыбына
келтирүүдө маанилүү бөлүгү болуп саналат. Мамлекеттин кирешесине 1 триллион 700
миллиард теңге кайтарылды. Бул каражаттар соцобъекттерди курууда жана суу
ташкындарынын кесепеттерин жоюуда пайдаланылат. Ошондой эле, жолугушуунун катышуучулары
Казакстан бул жылдары партиялык жана шайлоо мыйзамдарын либералдаштырганын
белгилешти. Эки референдум өттү. Парламент өзгөрдү, азыр анда толук кандуу
фракцияларды түзгөн алты партия бирге иштейт.
Айдос
Сарым, Парламент мажилисинин депутатыы:
- Бул реформалардын ичинде
президенттин философиясы, саясий эрки жатат. Алар баштаган жана ушул багытта
жүргүзүлүп жаткан реформаларды биз акырындык менен ишке ашырабыз, коомду
кандайдыр бир тобокелдикке жана стресске дуушар кылбайбыз. 7 жылдык мөөнөт, бир жолку
укук жана башка нерселер - алар конституциялык. Ошентип, күчтүү президент,
таасирдүү парламент, отчеттуу өкмөт деген формула пайда болду.
Жанар
Санхаева, Президентке караштуу Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун
саясий изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы:
- Саясий
реформалар биринчи кезекте, алар ишке ашты. Алар жарандардын мамлекеттик
органдар менен өз ара мамилелерин кандайдыр бир деңгээлде либералдаштырышты,
ошондой эле саясий чечимдерди кабыл алууга таасир этүү боюнча жаңы аянтчаларды
түзүштү. Калк ушул жылдар бою айтылып келе жаткан ыйгарым укуктарды,
баалуулуктардын принциптерин колдойт, бул бизде мыйзам жана тартип,
адилеттүүлүк, бул жерде эмгектин мааниси жөнүндө сөз жүрүп жатат, мунун баары
кеңири кабыл алынууда, жана биз муну социалдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында көрүп
жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

