К.Токаевдин дарегине Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу куттуктоолор келип түшүүдө

К.Токаевдин дарегине Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу куттуктоолор келип түшүүдө

Казакстан Президенти Пакистандын Премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү. Шахбаз Шариф Касым-Жомарт Токаевди референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Анын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгы өлкө жарандары президенттин саясий жана социалдык-экономикалык реформаларын кеңири колдой турганын көрсөттү. Мамлекет башчысы референдумдун жыйынтыгын жогору баалаганы үчүн Пакистандын премьер-министрине ыраазычылык билдирди. Тараптар эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн оң динамикасына ыраазы экендиктерин билдиришти.

Франциянын лидери да Казакстандын Президентин жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады. Эммануэль Макрон бул окуянын тарыхый маанисин, ошондой эле өлкөнү андан ары жаңыртуу жолундагы маанилүү кадам экенин белгиледи. Касым-Жомарт Токаев референдумдун жыйынтыгына жогору баа бергени үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар экономикадагы, өзгөчө, өнөр жай жана энергетика тармактарындагы биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Ошондой эле, телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда мамлекет башчысын болгон окуя менен Израилдин президенти куттуктады. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө басым жасоо менен эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Ицхак Герцог Касым-Жомарт Токаевдин бардык мамлекеттер экономикалык өнүгүүнүн узак мөөнөттүү пландарын ишке ашыруу үчүн тынчтыкка муктаж деген пикирине жана эл аралык маселелерди саясий жол менен чечүү зарылдыгына кошулду. Мындан тышкары, Израилдин президенти Казакстандын Авраам келишимдерине кошулуу чечимин жогору баалап, бул чечимдин Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков